www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек менен Сеул шаарларынын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Сеул шаарында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу өттү. Жолугушуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына расмий сапарынын жана «Борбордук Азия – Корея Республикасы» биринчи саммитинин алкагында уюштурулду.
Меморандум муниципалитеттер аралык түз кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга негиз түзөт.
Тараптар соода-экономика, илим, маданият, билим берүү жана шаардык башкаруу тармактарында кызматташууну өнүктүрүүнү, тажрыйба алмашууну жана делегациялардын өз ара сапарларын уюштурууну көздөшүүдө.
Ошондой эле Бишкек менен Сеулдун ортосундагы достук байланыштарды бекемдөө жана практикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча кызыкдарлык билдирилди.