www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында карапайым калктын муктаждыгына карай диний объекттерди социалдык мекемелерге айлантуу демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн 13-март күнү Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи жыйындар залында Диний объекттерди куруу, ачуу жана диний уюмдарды, окуу жайларды каттоодон өткөрүү маселелерин талкуулоо жыйынында айтылды. Бул туурасында шаардык мэриядан билдиришти.

Иш-чарага шаардагы диний мекемелердин жетекчилери жана жергиликтүү аймактык башкаруулардын башчылары, ички иштер органдарынын, мамлекеттик коопсуздук комитетинин өкүлдөрү катышты. 

Иш-чаранын катышуучулары шаардагы айрым мектептерде окуучулар 3 смен менен окушууда, он миңдеген балдар бала бакчага баралбай жүрүшөт, медициналык мекемелердин имараттары да жаңыланууга муктаж. Ошол эле учурда мечиттерди биринин артынан бирин курууга кызыкдарлар көп. Эми мындан ары мындай демөөрчүлөрдү калктын кызыкчылыгын канаттандырууга тартуу керектигин айтып чыгышты.

Жалал-Абад шаарынын социалдык иштери боюнча вице-мэри Руслан Алтымышов мечиттерди план менен куруу демилгесин көтөрүп чыкты.

-Тээ 2000-жылы Жалал-Абад шаарында 19 мечит болгон. Бүгүнкү күнү алардын саны 35ке жетип отурат. Бирок, мектептердин саны ошол эле бойдон калган. Бала бакча жана ооруканалардын саны калктын санына бөлүштүргөндө жетиштүү эмес. Эски мечиттерди реконструкциялап, алардын ордуна мектеп курсак да болот. Менимче калктын муктаждыгын канаттандырса, алда канча сооптуу иш болсо керек. Демөөрчүлөр менен иштешүүдө дин өкүлдөрү ушул маселелерди эске алуусу керек, – дейт вице-мэр.

Мындан сырткары, жыйында мечиттер демөөрчүлөртарабынан кажыланып тургузулуп, качан гана курулуш иштери бүткөндө каттоо иштерин башташарын, бул көрүнүш мыйзамга туура келбесин, алгач тиешелүү органдардан уруксат алып гана курулуш иштерин жүргүзүү зарылдыгы да түшүндүрүлдү. Ошондой эле, диний объектти курууда казыяттан эмес, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн уруксат алынышы керектиги айтылды. Анткени бүгүнкү күндө көпчүлүк курулуштар казыяттын уруксат кагазы менен эле курулуп келген.

Деген менен, Жалал-Абад шаардык архитектура бөлүмүнүн башчысы Бакыт Байжигитов шаар аймагындагы мечиттердин абалы бардык талаптарга жооп берерин кошумчалады. 

 

Последние новости