www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында “Авто ураган” аппараттык комплекси менен рейддик иш-чара өткөрүлүп, эки күн ичинде 119 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныкталду. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар:

- Айдоочулук наамынан убактылуу токтотулгандар 46 авто унаа;

- Айып пулун өз убагында төлөбөй сотко жөнөтүлгөн 8 айдоочу;

- Тийиштүү докумменттери жок 9 айдоочу;

- Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 12 айдоочу;

- Карама-каршы тилкеге чыгып айдаган 7 айдоочу;

- Ылдамдыкты ашырып айдагандар 5;

- Башка жол эрежелерин бузуулар 32 айдоочу.

Жалпы 75 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга карата кийинки рейддик иш-чара Ош шаарында да улантылат. 

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости