www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад маданият техникумунун директору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат Жалал-Абад маданият техникумунун директору Т.А.Ж. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма жол менен тоскоолдуктарды жаратуу аркылуу, абитуриенттерден техникумга кирүү үчүн акча талап кылгандыгын аныктады.

Үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (опузалап пара талап кылуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында техникумдун директору Т.А.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда кармалган жаран УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Последние новости