www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда той өткөргөн кафенин ээсине айып пул салынды

Жалал-Абадда той өткөргөн кафенин ээсине айып пул салынды. Маалыматка ылайык, кечээ Жалал-Абад шаарында коомдук тамактануучу жайларга рейд өттү.

Ага ылайык, инспекторлор 100дөн ашык адамга той өтүп жаткан “Достук” кафесинде болушту. Текшерип жаткандар мекеменин электр жарыгын өчүрүүнү чечип, анын ээсине 3 миң сом айып пул салган.

Буга чейин шаардын мэри Мураталы Тагаев коронавирустун экинчи толкунунун алдын алуу үчүн рейддерди жана ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости