www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун бүгүн, 4-октябрда брифингде билдиргени боюнча, акыркы суткада Жалал-Абаддагы аскер бөлүктөрүндө жоокерлердин вирус жуктурганы аныкталды.
"Жалал-Абад облусунда жалпысынан 46 адам коронавирус илдетине чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталды. Алардын ичинен 21 адам аскер бөлүктөрүнөн катталды. Учурда аскер бөлүктөрүндөгү абал иликтенип жатат".
Жалпысынан акыркы суткада COVID-19 жана пневмония оорусуна чалдыккандардын саны 224 адамды түздү.
Март айынан бери ооруга чалдыккандардын жалпы саны 47 428 адамга жетти. Акыркы суткада 114 адам илдеттен айыгып чыкты. Жалпы 43 418 адам оорудан сакайды.
Акыркы суткада илдеттен көз жумгандардын саны катталган жок. Коронавирус илдетинен Кыргызстанда 1066 адам жашоо менен кош айтышты.
Булак: NazarNews.kg