www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалбырак төлгө эски ыкма болгону менен Италияда бүгүн да өз баасын жогото элек. Мейли бак-дарак (лавр дарагы, ак кайың, байтерек, липа), герань, роза гүлүнүн же өгөй эне -өз эне, шалфей, сары чай чөптүн жалбырагы болуп төлгөчүлүк касиет-күчкө эгедер. Булардын ичинен байтерек менен ак кайың эң маанилүү "инструмент" катары бааланат. Сиз жактырган адамдын атын жалбыракка көмүр, бор же кызыл сыя менен жазып, шамалга учуруп жибериңиз.

Эгер адам аты түшүрүлгөн жалбырак абадан бийик көтөрүлсө - кубаныч, башкача айтканда, ой-тилегиңиз тез арада иш жүзүнө ашат дегендик.

Эгер жалбырак жапыз учса - кат аласыз же жакшы кабар угуп кулак сүйүнөт.

Эгер жалбырак бир багытта учпай, каалгый берсе -үйлөнүү той же көңүлдүү кечеге чакыруу түшөт.

Эгер сиз даярдаган төлгө жел менен кошо кетпей, жерге түшүп калса - жагымсыздыктын белгиси же оору тооруганын жышаналайт.

Жалбырак жерге тийип-тийбей учса эң жакшы белги, кызматтан көтөрүлөсүз, же кубанычтуу өзгөрүүлөр күтүлөт. Жалбырак төлгө көбүнчө батыштан соккон жел менен аткарылат. Ай жаңырганда биринчи күнү чак түшкө чейин чоңдор, ал эми жаштар күн батарда төлгө кылса-максаты орундалат, көздөгөнүнө жетет деп италия эли бул төлгөгө бөркүндөй ишенишет экен.

Булак: Сырдуу дүйнө

Последние новости