www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Чаек айылынын 39 жаштагы тургуну Назгүл Шаршенова учурда 3 баласы менен бирөөнүн эски үйүндө батирде турат. Өзүнүн айтымында, райондун Баш-Кууганды айылындагы тургунга турмушка чыккан. Кийин жолдошу менен бирге жумуш издеп, Токмок шаарына барышкан. Бул тууралуу turmush.kg басылмасы жазды.

"Жолдошум экөөбүз тең күнүмдүк жумуштарга чыгып иштеп жүрдүк. Жолдошум ал жактан ар кандай адамдарга кошулуп, аябай ичип кеткен. Кийин, 2018-жылы каза болуп калды. Мен азыр бир туугандарым менен да, кайындарым менен да катышпайм. Апам болсо бир туугандарынын үйүндө турат. Аны ичкен агам үйдөн кууп чыккан. Өзүм Чаек айылында батирде эки балам менен күн кечирип келем. Мурунку жолдошумдан 1 балам бар. Ал апамдын колунда. Ал жолдошум дагы каза болуп калган. Андан кийин Баш-Кууганды айылындагы тургунга турмушка чыккам. Ал дагы жогоруда айткандай каза болду», - деди Н.Шаршенова.

Ал агасын бир тууганчылыктан кечкенин, себеби апасын сабап, жакында эле милициядан суралып чыкканын кошумчалады.

«Эки балама алган жөлөк пул менен жашайм. Ал деле жетпейт. Улуу кызым 8-класс, кичүү уулум 2-класста окуйт. Мектептен «телефон алгыла, балдарды онлайн окутабыз» дейт. Менин телефон алууга шартым жок. Бул бирөөнүн үйү, аны карап жашайбыз. Бирок акы сурап баштады.

Мектептен эски сыналгы беришкен. Бирок анын жабдыктарын таш менен бастырып коюп көрөбүз. Антпесе тартпай калат. Менин жумушум жок. Балдарым кээде ачка калышат. Жумушка деле кабыл алышкан жок. Мен акимге, айыл өкмөткө кайрылдым, жардам бере алышкан жок. Азык-түлүктөн жардам алдым. Азыр ошону жеп жатабыз", - деди ал.

 

 

 

 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости