www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жалпы иш” коомдук фондунун байкоочулары шайлоодогу эреже бузуулар боюнча участкалык комиссияларга он арыз жазып жөнөтүштү. Бул тууралуу фонд саат күндүзгү 12де тараткан маалыматта айтылат.
Анда белгиленгендей, шайлоо бекеттеринин кеч ачылышы, участкалык комиссиялардын ролун бөлүштүрүү үчүн чүчүкулак өткөрүлбөгөнү, бюллетендер кол менен саналбаганы сыяктуу анча орчундуу эмес процессуалдык эреже бузуулар Бишкектеги, Баткендеги жана Чүйдөгү айрым бекеттерде байкалды.
“Жалпы иш” фонду Кыргызстандын бардык аймактарына 300 туруктуу байкоочусун, 58 мобилдик тобун жана сегиз юристин жөнөткөн.
Жалпысынан, фонд белгилегендей, шайлоо жараяны тынч башталды, эреже бузуулар анча орчундуу эмес жана байкоочулар тоскоолдуксуз иштеп жатышат.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүүдө. Жогорку Кеңештеги 120 мандат үчүн 16 саясий партиядан эки миңден ашуун талапкер ат салышууда.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоого 277 эл аралык байкоочу көз салып жатат.
Алар 33 эл аралык уюмдун өкүлдөрү жана дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн келишкен. Мындан тышкары 77 жарандык коомдун жана шайлоодо ат салышып жаткан 16 саясий партиянын байкоочулары да добушканаларда жараянга байкоо салышууда. Байкоочулар БШКнын каттоосунан өтүшкөн.
Булак: NazarNews.kg