www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесинин кызмат адамдары тарабынан жасалган  коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аталган бирикмеге таандык кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээликтен ажыратуу фактысын аныктады.

Тергөөнүн жүрүшүндө, мурда коомдук бирикмеге таандык болгон, Бишкек шаарынын Б.Исакеев көчөсүндөгү №1 үйдө жайгашкан 1,0 гектар жер тилкеси жасалма түрдө бир нече өзүнчө участокторго бөлүнгөнү аныкталган. Жыйынтыгында  "Пионер" курулуш компаниясы бул тилкелердин айрымдарына көп батирлүү турак жайларды курган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы аянты 499,08 чарчы метр болгон цоколдук жайлар  (цокольные помещения)  мамлекеттик баланска кайтарылды.

КР УКМК мурда мыйзам бузуу менен мамлекеттик менчиктен алынып салынган, мыйзамсыз менчиктештирилген активдерди аныктоо жана кайтарып алуу боюнча ишин улантууда.
 

Последние новости