www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жылдык майрамдар: Бишкек мэриясында кеңешме өттү

2025-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарынын муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында шаардык кызматтардын Жаңы жылдык майрамдык иш-чараларга даярдыгы боюнча кеңешме өттү.

Шаар башчысы тиешелүү шаардык жана муниципалдык кызматтарга Ала-Тоо аянтында Жаңы жылды майрамдоону сапаттуу жана коопсуз уюштурууну, ошондой эле райондук деңгээлдеги Жаңы жылдык иш-чараларга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Белгилей кетсек, борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында Жаңы жыл түнү Бишкек шаарында коомдук транспорттун иштөө режими узартылат. Бул маселе жооптуу кызматтардын өзгөчө көзөмөлүнө алынат.

Жыйындын жүрүшүндө майрам күндөрү өрт коопсуздугун сактоо боюнча алдын алуу иштерин жана көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле Жаңы жылдык майрамдарда  жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу милдети коюлду.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына башаламан сооданы токтотуу боюнча иштерди күчөтүү, ошондой эле шаардын экологиясына зыян келтирген тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактыларын аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды.

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына дарыялардын жана каналдардын жээгинде жайгашкан мыйзамсыз объекттерди аныктоо жана демонтаждоо иштерин активдештирүү милдети жүктөлдү.

Төрт райондун администрацияларынын башчыларына 2026-жылдын 1-январынан тартып жолдорду жана тротуарларды реабилитациялоого даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Бул тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө Бишкек шаарынын мэриясынын Уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлдү.

 

Последние новости