www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына буга чейин Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын тургундарынан турган баңги топторуна карата ыкчам маалымат келип түшкөн. Шектүү жарандар узак убакыт бою Бишкек шаарына “гашиш” жана “марихуана” баңги каражаттарынын ири партияларын жеткирүү менен алектенген.

2024-жылы 3-январында кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдү кармоо чарасы жүргүзүлүп, Ысык-Көл облусунун Түп шаарында  ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери 1978-жылы туулган Б.А.Н. жана 2000-жылы туулган Л.Н.В.  жүргөн унаасын токтотушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча экөө тең мурда соттолгон.

Унааны текшерүү учурунда шектүүлөрдүн бирине таандык күрмөнүн чөнтөгүнөн 255 грамм салмактагы “марихуана” баңги каражатынын өзгөчө белгилери бар, майдаланган, кургатылган чөп түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү өсүмдүк заты табылган. Мындан тышкары жүк салгычтан сыналгы аныкталып, ал жерден кинескопко катылган кочкул жашыл түстөгү, салмагы 4305 грамм “гашиш” баңгизаты табылган.

Ошондой эле, унаанын ичинде салмагы 1615 грамм болгон майдаланган порошок түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү өсүмдүк заты бар ак желим баштык табылган. Андан аркы ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда кармалган жарандар алынган баңги каражаттарын Түп районунун аймагындагы кой короолордун биринен жүктөп жибергендиги аныкталган.

Буга байланыштуу ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Түп РИИБдин Тергөө кызматы менен биргеликте аталган жерге барып, сарайдын жер төлөсүнүн ичинде баңги каражаттарды өндүрүүдө колдонулган буюмдар жана каражаттар бар баңги лаборатория табылган. Ал жерде: дагаралар, газ баллондору, торчолор, кол каптар, отверткалар, скотч, кайчы жана спирттүү флакондор аныкталган.

Мындан тышкары ал жерден Б.А.Н.жана Л.Н.В.  таандык 3 полиэтилен баштык табылып, алардын ичинде өсүмдүк тектүү, кочкул жашыл түстөгү, майдаланган кургатылган чөп түрүндөгү, “марихуана” баңги каражатынын өзгөчө белгилери бар, салмагы 17 кг 564 грамм болгон.

Таразага тартууда алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 17 кг 819 грамм “марихуана” жана  5 кг 920 грамм “гашиш” алынган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости