www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байлар байлардай төлөйт, Жапаров кандай төлөйт?

 Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Министрлер кабинетинин электр энергиясындагы тариф саясатын сындап жүрөт. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Тазабек Икрамов Фейсбукка жазып, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун "байлар байлардай төлөйт" деген сөзүн "электр энергиясына баа көтөрүлөт" деп мүнөздөсө болорун айткан.

"Байлар байдай эмес, ар бир жаран керектөөсүнө жараша төлөрүн жана тоолуу аймактар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет тарабынан субсидияланышы милдет экенин азыркы өкмөт так билиши керек", - деген Икрамов.Өкмөт энергетика тармагына сырттан алынган насыя жана гранттардын кандай колдонулганын текшерип, бул тармакка зыян келтирген жемкорлорду жазалашы зарыл экенин кошумчалаган.

Жаңы жыл алдында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда колунда бар байларга электр энергиясынын тарифин көтөрүү керектигин айткан. Энергетика министри Таалайбек Ибраев электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын көтөрүлүп турарын 21-июлда жарыялаган.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы быйыл 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болду. Тазабек Икрамов - парламенттеги "Элдик" депутаттык тобунун мүчөсү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости