www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2024-жылдын бюджетин жана бир нече мыйзамдарды кабыл алгандан кийин түрк парламенти кышкы эс алууга чыккан. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, Мажлистин Башкы ассамблеясында Швециянын НАТОго кайрылуусу боюнча добуш берүү 16-январдан кийин өткөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Haber Global” телеканалы билдирди.
Жыл аягында Түркия парламентинин Эл аралык иштер комиссиясы Швецияны альянска кабыл алуу боюнча ратификациялык протоколду жактырды. Эми ал боюнча добуш берүү жалпы парламентте өтүшү керек. Аны бекитүү үчүн депутаттардын жөнөкөй көпчүлүк добушу жетиштүү.
“Бийликтеги Адилеттик жана Өнүгүү партиясы 600 орундуу парламентте көпчүлүккө ээ экенин эске алсак, швециялык талапкерди бекитүү маселеси президент Режеп Тайип Эрдогандын акыркы чечимине көз каранды”, - дешет серепчилер.
Түрк парламентинин тиешелүү комиссиясынын жетекчиси Фуат Октай, Башкы ассамблеянын Швециянын НАТОго мүчөлүк арызы боюнча тез добуш берүүнү күтпөшү керектигин эскертти.
Эрдоган Швециянын арызынын жактырылышынын АКШ Конгрессинин Анкарага F-16 согуштук учактарын сатуу чечимине байланыштуу болорун айткан.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg