www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИГИЛ же «Ислам мамлекети» террордук уюму Иранда болгон эки жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, 3-январда Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Керман шаарындагы көрүстөндө ирандык генерал Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан учурда жарылуу болгон.

Расмий Тегеран 84 адамдын өмүрү кыйылганын, дагы 284 адам жараат алганын билдирүүдө. Айрым маалымат каражаттары каза болгондор 100дөн ашканын кабарлап жатышат. Бул кол салуу аймакта чыңалууну күчөтүшү ыктымал деген кооптонууну жараткан. Себеби Израил Газа секторунда ХАМАС тобуна  каршы операциясын улантууда. Ал эми Йемендеги Иран менен байланышкан хусит козголоңчуларынын Кызыл деңиздеги коммерциялык кемелерге кол салуулары уланууда.

Ирандын "Революция сакчыларынын корпусуна" кирген тандалма Кудс бөлүгүнүн кол башчысы Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Беш күндөн кийин Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан эки базага сокку урган. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости