www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арстан Алай эмнеге асынып калган?

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алай деген ат менен таанымал Арстанбек Абдылдаевдин сөөгү 5-январда эртең менен Жаза аткаруу кызматынын атайын дарылоо түзөтүү мекемесинин ашканасында асылган абалда табылганын билдирди. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Абдылдаевге "инсанияттын такталбаган психотикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы коюлуп, 28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасы менен Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесине которулган.

29-декабрда Абдылдаев мезгил-мезгили менен жүрөгү, башы ооруп, кулагы шуулдап, тамактангандан кийин ашказаны ооруп, тез-тез чарчап жатканын айтып дарыгерге кайрылган. Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен Абдылдаевге "такталбаган психотикалык инсандык бузулуу, коронардык жүрөк оорусу бар" деген диагноз коюлган. Өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору жана клиникалык диагнозду тактоо үчүн врач-психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.

“Жансыз денени алгачкы кароодо дене жаракаттары табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул факты милициянын каттоосуна алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды",-деп айтылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Арстанбек Абдылдаев “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып коюлган. Атайын кызматтын маалыматында ал өзүн “жаңы Кудай” жана “куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди жана ишенимдерди туура эмес экенин айтып, терс баа берип келгени жазылган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө анын жашаган жеринен жана лекция өтүүчү жайынан бир катар адабияттар, китептер, компьютер жана электрондук материалдар алынган.

Бишкектин Октябрь райондук соту Арстанбек Абдылдаевди 15-январга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Адвокат Кайсын Абакиров кийин ал №31 түзөтүү мекемесине которулганын, бул тууралуу эч кандай маалымат берилбегенин билдирди.

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде каза болгон Арстанбек Абдылдаевдин адвокаты Кайсын Абакиров маркумдун жакындары анын иши боюнча күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу талабы менен укук коргоо органдарына арыз жазарын билдирди:  “Арстанбек Абдылдаевдин туугандары кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча арыз берет. Себеби, шек саналып камакта жаткан адамды Жаза аткаруу кызматынын бир мекемесинен экинчи мекемеге которуу мыйзамда так көрсөтүлгөн. “Камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамда чектөөлөр жана шектүү кайсы учурда башка абакка которулары жазылган”, - деди Кайсын Абакиров.

Арстанбек Абдылдаев 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. 2020-жылы анын “мен Кудаймын” деген сөзү атайын экспертизага берилгени кабарланган.

Бул маселе парламентте көтөрүлүп, андан кийин милиция Арстанбек Абдылдаевге карата Жазык кодексинин 313-беренеси (“Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу”) боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын айрым тарапкерлери буга нааразылыгын билдирип чыгышкан. Кийин милиция бул иште кылмыштын курамы жок экенин негиз кылып, иш кыскартылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости