www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аксы райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын жаңы жетекчиси Акыл Керимбеков жумушка кызымтал болуп келип алып, “Силердин баарыңар мага оппозициядасыңар, көк мээ, келесоосуңар, жоготом, каматам” деп сөгүп, тилдеп коркута бергендиги үчүн аталган башкармалыктын кызматкери ичкич, орой жетекчисин кызматтан кетирүү өтүнүчтөрү менен Өкмөткө караштуу мамлекеттик архитектура, курулуш, турак- жай жана коммуналдык администрацияга бир нече ирет арыз менен кайрылышса райадминистрациядагылар:
“Биз анын кантип дайындалып калгандыгын деле билбейбиз. Биз башка адамга эки жолу сунуш берсек, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик архитектура, курулуш, турак-жай жана коммуналдык чарба агенттигинин жетекчилиги өткөрбөй, ошону алып келип коюшкан. Ошолор билет” – деп коюшуптур.
Ал эми аталган агенттиктин жетекчилиги А.Керимовду жактап, мактап, кетирбегенге аракет кылышууда. Бирок эмгек жамаатындагы бир да адам колдобогон, бир ай иштебей жатып эле жаман жактары менен атагы чыккан жетекчи мындан ары калган күндө деле кантип иштейт? Ал жөнүндө, иштин кызыкчылыгы тууралуу ойлогон адам жок. Райакимчилик алсыз. Ал өзүнүн башкы архитектурасын чечкенге дарманы жетпей бүжүрөп турса, А. Керимбеков “Агенттиктин жетекчилигинин бардыгы менин колумдан жем жешкен, алар мени коргобой каякка барышат? Ал эми акимиңди урганым да жок” – деп эмгек жамаатындагыларына мактанып, “эгерде мага каршы боло берсеңер эркектериңерди Ала-Букадагы “черный” досторума дайындап, адебиңерди бердиремин.
Кыз-келиниңерди аялыма тыттырам, ал менин командамды күтүп эшикте турат” деген опузага өтө баштаганда, башкармалыктын жамааты 12-февралдан иш таштоого аргасыз болушуп, ага да тийиштүү органдар реакция кылышпаса, кийинки жумадан ачарчылык жарыялаганы жатышканын анда иштеген М. Султанов билдирди. Бул маселе боюнча Өкмөт эмне дейт? Өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, “черный” досторуна ишенген жетекчиге карата чара көрөбү же анын “черный” досторунан Өкмөт да коркуп, унчукпай кутулабы?
Булак: "Фабула"