www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамал, 47 жашта

– Жолдошум менен жашаганыма 25 жылдан ашып баратат. Бир уул, эки кызыбыз бар. Кыздарым бой жетип турмуш жолуна аттанышкан.

Жолдошум эч жерде иштебейт. Өмүр бою эле талаа иштери менен алектенип жүрүп, ал жерибизди саткандан кийин эле үйдө отуруп калган.

Жумуш издемиш болот, бирок эч майнап чыккан жок. Мен болсо коңшу айылдагы ооруканада медайым болуп эмгектенип, эртең менен кетип, кеч келем. Жолдошум негизи эле аял аттууга жакын. Экөөбүз үйлөнгөндөн көп өтпөй эле көзүмө чөп салган эле. Андан кийин да маал-маалы менен бул адаты кармап турчу.

Бирок аны балдардан жаап-жашырып жашап келгем. Анткени балдарым атасын абдан жакшы көрүп, сыйлашат. Акыркы жолу мындан беш жыл мурда: “Экинчи башка аялдарды карабайм”, - деп сөз берген эле.

Эми минтип элүүгө чыгып калганда жаш балдарча калжаңдап айылыбыздагы эле күйөөдөн ажырашкан бир келин менен жүргөнүн кошуналардан угуп калдым. Ажырашайын десем күйөө балдарымдан, куда-сөөгүмдөн уялам.

Анда же балдарыма чындыкты айтып, ажырашууга убакыт келдиби?

Asil. Балдарыңыздан эч нерсени жашырбаңыз. Баарын чогултуп, сүйлөшүңүз. Алар да сизди түшүнөт. Атасын сыйлашса, аны кайра туура жолго бура турган дал ошол балдарыңар.

Gulnura. Жолдошуңузга көңүл бурулбай калгандын белгиси. Ага жумуш тапканга жардам бериңиз. Балдары сыйлаган даражада аларды чоңойткон болсо, тез эле оңолот. Элүүгө чыгып калыптыр, ушунча чыдаган эми деле бир аз чыдап коюңуз.

Булак: "lady.kg"

Последние новости