www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамалбек мырза, блогер эмес, мамлекеттик кызматкер бол!

Буга чейин Бишкек шаарынын вице-мэри катары иштеп келген Жамалбек Рысалиев бир сөөмгө чоңойду. Кут болсун! Биринчи-вице-мэр катары оор жүктү тартып кетерине ишенебиз. Бирок... Мындан ары арыктагы суу жырылып кетсе, бак куласа, же жамгыр катуу жааса деле видеого тартып, Фейсбукка чыгара берүү осолдук, арылатсак, жеңилдик катары бааланат.

Мамлекеттик кызматкер блогерлик түшүнүктөн өйдө көтөрүлүп, системалык ой жүгүртүүгө багытталып, уюштургуч катары элдин аң-сезимине жараша чечимдерди кабыл алышы керек. Эң башкысы, билим менен тажрыйбаны айкалыштырып, алакөөдөндүк сапатты таштап, жипке тизген шурудай ырааттуулукту көрсөтсө...

Ооба, бул кеңештер Жамалбек мырзага тийешелүү! Жетет да эми, кечке эле далдаңдап, тердеп-кургап, ала-шала түшө видео тартып жүрсө, эртең Садыр Жапаров деле тажап, жумуштан айдап салышы мүмкүн.

Булак: Азия News гезити

Последние новости