www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Алмаз  Атамбаев менен Нариман Түлеевдин селфиси талкууга алынып, түрдүү кептердин чыгышына жем таштаганын  эске алып, айрым жарандарыбызга кайрылып, саясый селфи Кыргызстандын саясатында акылга сыйбаган көрүнүшпү деген суроо узатты...

- Эми чынында алакандай кыргызды сен Атамбаев же Жээнбеков же Акаев менен сүрөткө түшүп койдуң деп эле тепкилей берген туура эмес. Бүгүн Сооронбай Шариповичтин батасын ала албай кабыл алып койсо деп жүрөбүз. Кечээ Атамбаев менен сүрөткө түшмөк тургай алыстан жанына жолой албай жүргөндөр бар болчу Икрамдын этегине намаз окуп.

Бүгүн эле тепкилей бербей, айкөлдүк менен мамиле кылышыбыз керек. Күнөөсү болсо мыйзам менен жазасын алсын. Байлыгың да бийлигиң да бир тыйын экенин эгемендүүлүк алгандан берки эле тарых көрсөтүп жатат го. Мен эч бирин жаман дегим келбейт. Ошол жаманды шайлаганга менин да үлүшүм бар. Убагында мен да эл катары добушумду бергем. Эмки шайлоодо сатылбайбыз деп өзүбүздү өзүбүз сооротуп келебиз.

Бала кезде күрөшүп алдында калып анан турсам өлөсүң дегем чычымдардын оюнундай саясат болуп жатат. Акылдуулар менен эбин тапкандар ээрден түшпөй эле келе жатышат. Демек, селфиге түшкөн алар эмес ошолорду селпектетип шайлап алып сынаган менде күнөө деген чычымдардын оюнундай...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости