www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков "Марал" радиосуна берген маегинде төмөнкүлөргө дагы токтоло кетти.

- Атамбаев менен болгон резиденциядагы жолугушуубузда Элвира Сурабалдиева менен Ирина Карамушкина деген эки кызыбыз президент болуп тургандагы эң чоң катасынын бир катары Икрам Сатаровичти айтып берди. Кыздарыбыз сиз президент болгондо Икрам Сатаровичти аябай эркелеттиңиз. Менде ал тууралуу компрамат материалдар бар десе эле, төбөдөгү тооктой болуп күйпөлөктөп кыйкырып, эки кызга асылып, кыйкырынып кирсе болобу. "Силер биринчи далилдеп бергиле" деп эле ачууланып кыйкырганынан, мен чыдабай кетип "Токтоңуз кыйкырбаңыз. Эмне кыйкырып жатасыз? Эки кыз сизге чындыкты айтып жатат. Чындык жакында чыгат көрөсүз. Икрам жөнүндөгү имиштерди эми угасыз"- дегем. Менин айткандарым чын чыкты. Ошол убакта айтсам чочуп кеткен болчу. Бирок ал киши менин айткандарымды унчукпастан угуп турду. Мен жанымда отурган Фарид Ниязовго карап балээнин баарын баштаган бул деп сөөмөй кезеп көрсөттүм. Чынында ал киши бул нерселерден кабарсыз эле. Бул жанында жүргөн эки адамдын кылган саясатынын азабын эми тартып жатат.

- Илмияновдун тергөө менен иш алып барып жатат деген маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

- Бул сөздү мен жөн гана “шоу” деп билем. Ал серый кардинал болуп мамлекетти бүтүндөй башкарбаса дагы, жарымын башкарганын моюнга алыш керек. Аны биз кандай айтсак да ал мамлеккеттик кызматтарда турганда эч кандай документтерге кол койгон эмес.  Ошончо адамды фактичиский башкарчы, бирок кол койгон эмес. Ошондуктан ал тергөө менен иштешип жаңы нерселерди ачып берип жатат дегенине мен анчейин ишенбейм. Бирок чындык деген баары бир чыгат. Ал аркылуу чыкпаса да башка аркылуу чыгат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости