www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айрым саясатчылар депутаттык кызматын бизнес көрүшөт. «Ак үйдө» отуруп ортомчулук кылып тыйын табышат. Көбүнчө кирешелүү ишканалар менен ишкерлердин кызыкчылыгын «коргошот». Кээде өзүлөрү «кызматын» сунуш кылышат. Акысына кызыл пул, же ишкана болсо өндүргөн товары менен алышат. «Кызматынан» баш тарткандарды парламент трибунасын пайдаланып «ур-токмоко» алышат.
Такыр көнбөгөндөргө салыкчы, бажычыларды баш кылып, санэпидемстация, өрт өчүргүчүлөрдү төш кылып – барып текшергиле деп кат жазып, талап кыла баштайт. Акыры көндүрөт, же ишкана жабылып жок болот. Депутаттардын мындай аракетинен канча инвестор Кыргызстандан качты ким билсин. Бирок, мындай жагымсыз көмүскө «бизнес» бар экенинен эч ким тана албайт.
Жакында депутат Зиядин Жамалдинов түштүктө цементтин баары сыртка сатылып кетип жатыптыр деп ЖоКеде айгай салды эле. Бизге түшкөн малымат боюнча, депутаттын «Түштүк –Кыргыз цемент» ишканасына асылганынын себеби башкада экен. Угушубузча, эл өкүлү Кызыл-Кыядагы заводдон 100 миң тонна цемент сурайт. Аны өзбекстандык фирмаларга сатмак. «Кызмат» акысына - ар бир тоннага 5 доллардан отуруп – жарым миллион доллар иштемек. Өзү барбайт, «элчи» кылып заводго инисин жиберет. Жаз мезгилинде курулуш сезону башталып цементге суроо-талап өсөт эмеспи. Андыктан завод сыртка чыгаруу чектелгенин билдирип, депутаттын өтүнүчүн аткара албасын айтышат.
Экинчи жагынан, экспортточу фирмалар менен цементти эч ким албай жаткан кышында түзүлөт. Сезон башталып, иш кызыганда кезексиз кирип кеткенге болбойт. Мындай «отказга» көнбөгөн депутат парламентте айгай салып, калп-чынын аралыштырып заводго «наезд» кыла баштаптыр... Зиядин мырзанын бул жоругун - жаңылып калыптыр деп байкабай деле коймокпуз. Бирок, бул анын депутаттыгынан пайдаланып бизнести «сааган» алкачкы эле «ишмердүлүүгү» эмес. Буга чейин «Газпром - Кыргызстан» ишканасынан ушундай эле ыкма менен күйүүчү май «талап» кылганын эшиттик эле.
Булак: Элита.кж