www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов бүгүнкү сессияда Бишкек шаарынын аймагында 86 гектар жердин ижарага берилишин иликтеп чыгууну өкмөттөн сурады. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

- Өзүӊөр жакшы билесиӊер, Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда 30 сотых жерди мыйзамсыз ижарага берип койгон деген айып менен 12 жылга соттолду. Ал эми Бишкек шаарында мындай көрүнүштөр кадам сайын кездешет. Мисалы, Бишкетин аймагындагы 86 гектар жер 5 жылдык мөөнөт менен мыйзамсыз ижарага берилип кетиптир. Ал жерге капиталдык курулуштар түшөт экен. Өкмөт бул маселени кылдат иликтеп чыгып, тийиштүү чараларды көрүшү керек.

Баш калаада 80 гектардан ашык жер тилкесинин ижарага берилип кеткени өткөн аптада маалымдалган.

Бишкек шаардык кеңешинин атайын түзүлгөн депутаттык комиссиясы мунун чоо-жайын иликтемей болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости