www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамиля Насирова:

Кечээ "президенттин инаугурациясына 15 миллион сом каражат каралат" деген маалымат чыккандан кийин интернет булактарында ар кандай сындар айтылууда. Ал эми интернет колдонуучусу Жамиля Насирова Садыр Жапаровду Молдованын жаңы шайланган  президентинен үлгү алышын айтты.  Насирова бул тууралуу фейсбуктагы баракчасына жазган.  

--"Садыр Нургожоевич, шаан-шөкөттү жакшы көргөн көйрөң адам экенсиз! Жакында эле Молдова эли өзүнө аял кишини ажо кылып шайлашты. Майя Григорьевна Санду "Мага эч кандай церемониянын кереги жок, эл кыйналып турса, млндорду коротуп иш-чара өткөрбөйм, резиденцияга сырттан сыйлуу коноктор же башка мамлекеттин башчылары келсе мейманкана катары колдонулсун, президенттин, өкмөттүн аппаратына кетчү каражатты кескин төмөндөткүлө, иш башкармалыктын көп бөлүмдөрүн кыскарткыла, чоңдорго шарт түзбөй- элге шарт түзөлү, мен эл катары автобус, бусик менен деле жумушка каттай берем, илгерки ЛАФА жашоону унуткула, мен шайланып келгениме сүйүнбөйм, эртең кантип кетээриме кыжаалат болом, элдин назарынан кетип калсам, Түштүк Кореядагы камалган президент аялдын тагдырын кайталагым келбейт. Туугандарына, бөлө, жээндерине кайсы жерде иштесеңер ошо жерде мыкты иштегиле, мени уят кылбагыла, эч кимиңерге жардам бере албайм, мен тарыхта калыс президент катары калгым келет!" дептир.

Садыр Нургожоевич 15 млн сом жумшаганыңыз жарабай турат. Филармонияга чогулган эл кантип эле 15 млнду сугунуп койсун? Көкөтөйдүн ашы көп чырдын башы болуп кетпесин",-дейт Насирова. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости