www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун ишмердиги көңүлгө толобу? Өлкөбүздө азык-түлүк коопсуздугу кандай абалда? Дыйкандардын мээнети акталып атабы?..

Жамин Акималиев, академик:

— Аскарбек Жаныбековдун жаман иштегендигинен айыл чарба тармагыбыз быйыл банкротко дуушар болду. Фермерлерибиз орчундуу зыянга учурап, кирешелеринен ажырады, ак эмгектери талаага кетти. Башкасын айтпасак дагы, азап-тозок менен өндүрүлгөн азык-түлүктү сатып берүүдө айыл чарба министрлигинин жардамын дыйкандар сезбей жатат. Бир эле мисал келтирейин. Биздин шартыбызда картошка экинчи нан болуп эсептелет. Буудайдын түшүмү кескин төмөндөп, ун кымбаттап жаткан учурда, картошка нанга болгон муктаждыкты толуктай алат. Республикада өндүрүлүүчү картошканын негизги өлчөмү Ысык-Көл облусунан алынат. Ал жерде дыйкандар быйылкы жылы мол жана сапаттуу түшүмдү камсыз кылышты. Бирок алгандардын аздыгынан 1 килограмм картошканын баасы 11 сомдон ашпай жатат. Ошол эле учурда Бишкектин дүкөндөрүндө картошка 33 сомдон сатылууда. Көлдүн дыйкандары “эмне үчүн айыл чарба министрлиги бул жагынан бизге жардам бербейт?” деп сыздап отурушат.

Аскарбек Жаныбеков азык-түлүк коопсуздугун жокко чыгарды. Тамак-аштын тогуз түрүнүн үчөөнөн гана, башкача айтканда, сүт, жашылча жана картошка менен өзүбүз камсыздай алабыз. Ал эми калган алты түрү боюнча көпчүлүк көлөмдү сырттан сатып келебиз. Ушундан улам азык-түлүктүн баасы асманга чыгып кетти. Өзүбүз өндүргөндө баа бир жарым эсеге арзан болмок. Республикабызда азык-түлүк коопсуздугун камсыздаганга толук шарттар бар. Ал үчүн айыл чарба министрлигинин жетекчилиги бул маанилүү тармакты илимий негизде жүргүзүшү зарыл. Андай болбой жатпайбы! Анын ордуна Аскарбек Жаныбеков “быйыл тамакаштын беш түрү менен камсыз кылам” деген карандай калпты айтып, элди жана президентти алдап жатат. Карапайым калк мындай куру убадалардан тажап бүткөн жана ага эбак эле ишенбей калган. Кыскасы, айыл чарбасын өркүндөтүүнүн бир гана жолу калды, ал – Аскарбек Жаныбековду кызматынан кетирип, ордуна жаңы жана жакшы адисти алып келүү, - дейт Акималиев.

Булак: АЗИЯnews

Последние новости