www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги академик Жамин Акималиев менен элдин көңүл борборундагы айрым маселелер боюнча пикир алыштык.
-Жамин агай, эң эле коррупциялашкан тармак катары таанылган Транспорт жана жолдор министрлигин жетектеген мурдагы төрт министр чуулгандуу иштерине карабай парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкер катары катталышты. Издөөдө жүргөнү деле коррупцияга аралашканы деле депутат болуп алса, маселеси чечилип, былыктары унутулуп калабы?
-Транспорт жана жолдор министрлигин мурда жетектеген төрт шылуундун Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталышы калкыбыздын абийирин айрандай төктү. Ушундай кишилерди тизмеге киргизүү жана каттоо саясий партиялардын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жоопкерсиздигин жана мыйзамды сыйлабагандыгынын далили. Транспорт министри кезинде ири көлөмдөгү коррупциялык иши боюнча кылмыш иши козголуп, чет мамлекетке качып кеткен. Ал турмак ага эл аралык издөө жарыяланган. Эми асмандан түшүп эле депутат болуп калса, анда биздин бийликтин бетине кара көө жабылат го. Кеч боло электе аны тизмеден чыгаруу – бул БШКнын түздөн түз милдети. Ал эми Калыкбек Султанов менен Аргынбек Малабаев Алмазбек Атамбаевдин оң жана сол колу болгон. Ал кезде булар тайраңдашып, каалагандарынын баарын жасашкан. Жамшитбек Калилов өзүнүн орун басары жол боюнча тендерден 500 миң доллар пара алганын "байкабай" калган. Мындан ары "сенин моралдык укугуң жок" – деп Президент Жээнбеков аны министр кызматынан алып, кабинетинен кубалап чыккан. Эми ал Депутат болсо эл эмне дейт. Мурдагы 4 министр парламенттик шайлоодон өз ыктыяры менен чыгып кетсе, анда абийирлерин сактап калат эле. Жакшылап ойлонуп көрүшсүн. Али кеч эмес.
-Чуулгандуу ишке аралашкандар кара жанын коргоо үчүн мандат алууга ашыгып жатышабы же элди тоготпогону үчүн депутат болууну көздөп жатышабы?
-Бул биринчи кезекте өздөрүнүн мыйзамсыз бизнесин коргоп калуу аракети жана көздөрүн май басып, элди чымынга теңеп калгандык. Кыскасы, бул көпкөндүк. Көпкөндүктүн аягы кайдан чыгаарын булар түшүнбөйт экен да.
-Жамин агай, чоочуп кеткенсип мурдагы элчи Раимкул Аттокуров Кыргызстанда Орусияга кошулуу маселеси көтөрдү. Чын эле жогору жакта Кыргызстанды Орусияга кошуу маселеси талкууланып жатабы?
- Раимкул Аттокуров Кыргызстанды Орусияга кошуу керек деген дөөдүрөгөн маселени көтөрүүдө. Эгемендүү Кыргызстан, кыргыз эли эч убакта мындай маселени күн тартибине койгон эмес. Анткени, көзкарандысыздык биздин байыркы элибиздин кылымдар бою эңсеп жүргөн ак тилеги болчу. Көктөн издегени жерден табылып, 1991-жылдын 31-августунда Легендарлуу парламент Кыргыз Республикасынын мемлекеттик эгемендүүлүгүн жарыялаган. Андан бери 29 жыл өттү. Жакшыбы, жаманбы биз бул мезгилде көзкаранды эместигибизди сактап калдык. Бул дөөлөт биз үчүн эң кымбат жана ыйык. Биз аны эч убакта колубуздан чыгарбашыбыз керек.
-Мурдагы элчинин Кыргызстан Орусияга кошулат деген сөзү көпчүлүктүн кыжырын кайнатты. Аны "чыккынчы" деп, жоопко тартууну талап кылгандар да болду. Мындай орунсуз билдирүүсү үчүн ал жоопко тартылышы керекпи?
- Айбан Аттокуровдун Кыргызстанды Орусияга кошобуз деген далалаты кыргыз элинин канын кайнатты. Бул чындыгында эле чыккынчылыктын жеткен жери. Ал үчүн жок эле дегенде Аттокуровдон Кыргыз Республикасынын атуулдугун алып таштоо керек жана Кыргызстандын Ыйгарым укуктуу Элчи наамынан ажыратуу зарыл.
Булак: NazarNews.kg