www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги акдемик Жамин Акималиев менен шайлоонун алкагында баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.
-Жамин агай, Темир Сариев менен Кубанычбек Исабековдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кошулганы аталган партияны күчтөнтөбү?
-Темир Сариев менен Кубанычбек Исабековдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кирсе эле, аталган партия күчтөнүп, таасири артып кетет деп айта албайм. Булардын кошулганы партияга орчундуу деле өзгөрүү алып келбейт. Анткени, Темир Сариевдин саясий дарамети эбак эле өчкөн. “Ак шумкар” партиясы канчадан бери келатат. Бир да жолу шайлоодо жеңишке жеткен эмес. Темир Сариев өзү да бу сапар саясий сойкучулукка барды. А дегенде “Ата Мекендин” желегинин алдында түзүлгөн “жаңы дем” коалициясына кирди. Алар менен кучакташып, өбүшүп коюп бир айдан кийин ажырашып кетти. Ушундан кийин анын позициясы туруксуз экен деген жыйынтыкка келдик.
-Неге “Ата Мекенди” чанып, “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кирди деп ойлойсуз?
-Сариевге мандат эле керек. Ошон үчүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясына алдыңкы 10дуктан орун берилеби деген үмүт менен кирди. Ага партиянын аброюнун кереги жок. Ошон үчүн “Ата Мекенге” кирип, кайра ажырашып кетти. Анын үстүнө Сариевдин артында ээрчиген деле электораты деле жок.
-“Ата Мекен” партиясы кечээ курултай өткөрүп, Өмүрбек Текебаев саясий маданияттуулукту көрсөтүп, партиясын жаштарга өткөрүп берди. “Ата Мекен” партиясын да ийгиликке жете турган партиялардын катарына кошсок болобу?
-Текебаев курултайда мырзалык кылып, партия лидерлигин Жанар Акаевге бердим деп, келечекте премьер-министр, спикер кылабыз деп бакылдап жатат. “Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз” демекчи баарын шайлоо көрсөтөт. Мен мырзалык кылдым деген куру сөз. Иши сотто болбогондо шайлоого өзү эле бармак. Соту бүтпөгөн үчүн ордун жаштарга берүүгө аргасыз болду. Кыскасы, “Ата Мекен” партиясынын да абалы жакшы эмес. Анткени, “Ата Мекендин” да баркы кетип калды. Текебаев жазган конституциясы боюнча партиялар депутаттарды шайлап калды. Бышпаган чийки партиялардын айынан эл чийки тамак жегендей абалда калды. Мына ушул жагдайдын баары Текебаевдин айынан болду. Бизде Германиядагыдай, Америкадагыдай классикалык партия жок болгондуктан, партиялар бышып жетиле элек болуп, акылга сыйбаган көп иштерге жол берип, парламенттик башкаруунун баркын кетирип коюшту.
Булак: NazarNews.kg