www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бийлик ата-мекендик өндүрүштүн өсүшүнө да көңүл буруусу зарыл», - деди бүгүн, 16-июлда, NazarNews маалымат агенттигине "легендарлуу" парламенттин депутаты Жамин Акималиев.

- Президент - бардык саясий оюндар бүттү, экономика менен алектенүүгө мезгил келди дептир. Айтканына ынансак болобу?

- Ынаныш керек. Себеби, карапайым эл саясаттан тажап бүттү. Азыр кептин бардыгы экономикада. Бул жерде өзгөчө айта кете турган маселе – бийлик жалгыз эле салык жана бажы төлөмдөрү менен алек боло бербей, көңүлдүн борборун ата-мекендик өндүрүштүн өсүшүнө буруусу зарыл.

Салыкты эртеден кечке эле көбөйтөбүз деп аракет кыла берсек, анда ишкерлерден таптакыр ажырап калышыбыз мүмкүн. Бул жерде кандайдыр бир акыл өлчөгөн чек керек. Реалдуу экономиканын пайдубалы болуп айыл чарбасы, энергетика, өнөр-жай, транспорт жана кызмат кылуу секторлору эсептелет. Президент «электенүү мезгили келди» – деп какшап айтып жаткан экономика – мына ушул тармактар.

Мисалы, айыл чарбасын алсак, ал өткөн жылдары улуттук кирешенин (ички дүң өндүрүмдүн) 45 пайызын камсыз кылып келген. Азыр болсо бул эң маанилүү көрсөткүч 13 пайызга чейин төмөндөдү. Бул – терең кризис, же болбосо агрардык тармак өлкөгө пайда келтирбей калды дегенди түшүндүрөт. Бул –  кечирилгис кемчилик. Анын үстүнө элет жеринде элибиздин 65 пайызы же болбосо үчтөн эки бөлүгү жашайт.

Алардын басымдуу көпчүлүгү мамлекеттен айлык албай, айыл чарбасынын эсебинен оокат кылышат. Демек, бул маанилүү тармактын бутуна турушуна бийлик өзгөчө көңүл бурушу талапка ылайык. Бүгүн өткөн Өкмөттүн кеңири жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков уялбай туруп Президентке «3 жылдан кийин калкыбызды азык-түлүк менен толук камсыз кылабыз» - деп убада бериптир.

Демек, дагы үч жыл биз ачка олтурушубуз керек экен да. Министр айткан азыктар, бул – буудай, өсүмдүк майы, кумшекер, эт, жумуртка, жер-жемиш, жашылча, картошка жана сүт. Бүгүнкү күнгө биз акыркы 3 азык-түлүк менен гана өзүбүздү өзүбүз камсыз кылабыз.

Ал эми калган 6 азыкты сырттан сатып келебиз. Ушул дагы ишпи? Мамлекеттин казынасына кол салып, даяр акчага чет мамлекеттен сапатсыз жана кымбат азык-түлүктү сатып келиш үчүн акылдын дагы, айыл чарба министринин дагы кереги жок.

Ал маселени каржы министри эле чечип коёт. Айыл чарба министрлигинин ыйык милдети – жогору айтылган 9 азык-түлүктү өлкөнүн өзүндө өндүрүп, элибизди арзан жана сапаттуу тамак-аш менен камсыз кылууда турат. Мына ушуну азык-түлүк коопсуздугу деп коёт. Быйылкы жылы Президенттин демилгеси менен айыл чарба тармагына 26 млрд. сом бөлүндү.

Мындай өзгөчө өлчөмдөгү каражатты мурда биз алмак тургай көргөн дагы эмеспиз. Жарым жыл өттү, жыйынтык көрүнбөй жатат. Божомолдор боюнча быйыл деле ахвал орчундуу өзгөрбөйт. Мурдагы эле 6 азык-түлүктү сырттан импорт кылып ага бюджеттин акчасын коротобуз.

Ал эми импорт деген бул өзүбүздүн өндүрүшчүлөрүбүзгө, башкача айтканда дыйкандарыбызга жана малчыларыбызга сокку уруу дегенди түшүндүрөт. Айыл чарба министри натыйжалуу иштеп бөлүнгөн мамлекеттик жардамды максаттуу пайдаланса, биз бир-эки жылдын ичинде эле 6,5 млн калкыбызды керектүү тамак-аш менен камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости