www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Акыркы 31 жылда мектеп саясатын өз менчигине айлантып алган директорлор эң чоң кылмыш кылышты», - деди бүгүн, 16-июлда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, жаңы окуу жылын утурлай мектепти 20-30 жылдап «минип» алган директорлор кызматынан кетет экен. Бул колдоого ала турган ишпи?

 - Акыркы 31 жылда мектеп саясатын өз менчигине айлантып алган директорлордун күнөөсү адам чыдагыс. Алар эң чоң кылмыш кылышты. Өлкөбүздүн келечегине балта чабышты Билим берүү процессиндеги эки эле субьект болгон мугалим менен окуучуну өздөрүнүн кулуна айлантып алышты. Мындай күнөө сөзсүз жазаланашы керек. Эми ушуну дагы баш аламандыкка айлантып жиберишпесе болду мен ишенбей турам. Билим берүү министрлигинин азыркы мажирөө саясаты дагы бир чоң кылмышка алып бара жатат.

- Жакында эле «Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү системасын түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду. Кыргызстан үчүн пайдалуу болобу?

- Бул эң туура саясат! Муну жакында эле сезе баштайбыз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости