www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда азык-түлүк жардам кызматынан пайдалангандардын саны жыл башынан бери 50 пайызга өсүп 2 миллиондон ашканы билдирилди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. 

Германияда ыктыярдуу азык-түлүк жардамын көрсөткөн Tafel Soup Kitchen Ассоциациясынын билдирүүсүндө, коронавирус Ковид – 19 эпидемиясы, Россиянын 24-февралда Украинага ачкан согуштан улам азык-түлүк жардамын алгандардын саны жыл башынан бери 50 пайызга өскөндүгү белгиленди.

Азык-түлүк жардамын алгандардын арасында жумушсуздар, аз камсыз болгон пенсионерлер жана Украинадан келген качкындар басымдуулук кылууда.

Германияда 962 филиалы бар Tafel Soup Kitchen компаниясынын төрагасы Йохен Брюль: «Сандардын 50 пайызга көбөйүшү жакырчылыктын өсүп жатышынын далили. Бул 2 миллиондон ашык адам азык-түлүк жардамына муктаж дегенди билдирет», - деди. Ашканаларына азык-түлүк жардамын берүүгө чакырган Брюль, талаптарды канааттандыра турган тамак-аштын жана кызматкерлердин жетишсиздигине көңүлдөрдү бурду.

Жакырчылык отчетуна ылайык, былтыр өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 16,6 пайызды түзгөн.

Tafel Ассоциациясынын менеджери Сиркка Жендис Германияда ар бир алты кишиден бирөөсүнүн жакыр экенин жана муну коом катары кабыл албоо керектигин белгиледи.

Последние новости