www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уу коргошунду кантип даярдап, ыпысык кезинде ичиш керек. Чындыгында бардык дары-дармектер чөптөн жасалары талашсыз. Оорулуу адам уу коргошундун тамырын каздырып, кара кумганга кайнатып, ысык кезинде ичиш керек. Доктурлар өлөт дешип албай койгондор, уу коргошунду такай ичип жүрүп айыгып кеткендер бар. Уу коргошунду ичүүнүн технологиясы мындай. Уу коргошун муун-муун болуп бөлүнүп турат. Уу коргошунду ар бир кайнатканында бир муундан кесип, кумганга кайнатат. Уу коргошундун бир муунун кесип алып, кумганга сууну толтура куюп, койдун көңүнө кайнатат. Кайнагандан кийин, ысык бойдон ыкчамдап ичип түгөтөт. Уу коргошунду ысык кезинде гана ичпесе, муздатып ичүү өтө кооптуу жана муздак кезинде ичүүгө эч болбойт. Уу коргошундун дарылык касиети ушундай. Андан адам зыян тартпайт, тескерисинче пайдасы тийип, айыгып кетет.

СOVID деген балакет ушул убакта кимдерди гана чоочулатпайт. Ар бир жарандын ойлогону ден соолук болуп, балакет оорудан канткенде кутулабыз деген ой бийлеп алган. СOVIDге чалдыгып, аман-эсен айыгышкандан башка канчалар каза болду. Бул жаман дартка каршы көптөгөн өлкөлөр вакциналардын үстүндө иштеп, дагы канчалары вакциналарды табуунун үстүндө иштөөдө. Бул илдеттен аман-эсен кутулар күн деле алыс эместей көрүнүп калды. Байыркы перс элинин орто кылымдагы окумуштуу - философу, илимпоз - дарыгери Улукман аке (Али ибн Сина 980-1037-жж.), убагында самандини эмиринин ордосунда дарыгер болуп иштеп, андан кийин да Аббасид халифатынын тушунда Хамаданда вазирлик кызматты өтөйт. Жашап өткөн доорунда, илимдин 29 багытында 450 ге жакын эмгек жазып, анын 274 биздин заманга чейин жетти. Анын дарыларынын бардыгы чөптөрдөн жасалгандыгы медицина илиминде белгилүү. 30 дан ашык эмгегинде, адамдарды дарылоо менен узак жашоонун сырлары эмнеде экенин да айтып кеткен. Али ибн Синанын ошол убактагы дарылоо, дарылануу ыкмалары, дары жасоону өздөштүрүүсү адегенде элдик салттуу медицина катары узак жылдар бою эл арасында колдонулуп, кийин илимий медицинага өткөндүгүн эч ким танбайт. Бул жагынан кыргыздар да салттуу элдик медмцина жагынан сыртта калган эмес. Элдик салттуу табыптар (дарыгерлер) уу коргошундун дарылык касиети бар экендигин далилдешип, узак жылдар бою оорууларды дарылап, айыктырышып келишкен. Чөптүн тамырларынан «Күч ала», «Уу коргошун», «Карагаттын тамыры», «Ышкын түп», «Алтын тамыр» ж.б. көптөгөн өсүмдүктөрдөн дары жасап, оору-сыркоолорду дарылап, айыктырып келишкен айныксыз чындык. СOVID пайда болгондон бери, бизде Уу коргошун жөнүндө ар кандай ойлор айтылууда. Билгени деле, билбегени деле түш жооругандай өйдө-төмөн сөздөрдү козгошууда. Билгендери дары дешсе, укпаган, көрбөгөндөр шылдың катары жокко чыгаргандары да жок эмес. Салттуу дарыгерликте, дары өсүмдүктөрдүн тамырларынан дары жасоо, бул медицина илимине туура келбейт, сапаттары начар, чалып жатышат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости