www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
41 жыл директор болгондор бар экен, калган 996 директордун көпчүлүгү 30-40 жыл мектеп директору, пенсиядагылар. Бул мыйзамды көпчүлүк 30-40 жылдап иштеп жаткан директорлордон кутулабыз деген үмүт менен күткөн. Көрсө Бейшеналиевдин жөн эле чампылдамасы экен. Эки миңден ашуун мектеп директорлорунан пара алуу үчүн Бейшеналиев жаңы мыйзам киргизиптир. Ач министр эптеп директорлордон өөнөгөн жатыптыр: “Учурдагы мектеп директорлору билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин сынактык тандоосуна катыша алышат”, - деп оозу-мурду кыйшайбай туруп айтты Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев журналисттер менен болгон жолугушууда. Бул деген мындай 30 жылбы же 40 жылбы директор иштей берет, анан конурстук сынакка катышып дагы 5 жылга директорлук ордун бекемдеп алат. Алмазбек Бейшеналиев белгилегендей, беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан алынат деген маалымат чоң резонанс жараткан. Бишкек шаарындагы №61 мектеп-лицейинин директору боюнча кайрылуулар көп. Анын кызматтан алынышына тынчсызданып жатышат. Бирок ал сынакка катыша алат, учурдагы мектеп директорлоруна эч кандай тыюу салынган эмес.
Алмазбек Бейшеналиев конкурстук тандоо жана директорлук кызматты ээлөө боюнча чектөөлөрдү киргизүү туура чечим деп эсептейт. Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, айрым мектептерде директорлор 20 жана андан көп жылдан бери кызматта иштеп келишет. «Ал эми бир мектеп бар, анда директору эркек, бирок анын аялы иш жүзүндө баарын башкарат», - дейт министр. Ал окуу жайдын номурун айтпай турганын кошумчалады. Кыргызстандагы мектептердин директорлорунун бири бул кызматты 41 жыл аркалаган. Ал 5 жылдан ашык иштеген 966 директор ээлеген кызматынан бошотуларын эске салды. Региондор боюнча бул көрсөткүч төмөнкүдөй көрүнөт:
• Ош облусу – 254;
• Жалал-Абад облусу – 198;
• Баткен облусу – 104;
• Нарын облусу – 41;
• Талас облусу – 41;
• Чүй облусу – 153;
• Ысык-Көл облусу – 78;
• Бишкек - 71;
• Ош - 26.
Эмки реформалар мектептерде өзүн-өзү билип кичинекей хандыктарга, графтарга, герцогдорго айланган мектеп директорлоруна жетти. Анткени, кээ бир жерде мектеп директорлору «Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» деген принциптерине таянып, мектептин окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларын өзүнүн жакын туугандарын, өң тааныштарын коюп коюшуп, биргелешип жакшы иштеп жаткан мугалимдерге каршы иштерди жүргүзүп, акырында мындай мугалимдерди кетирүүгө аракет жасашат. Логика түшүнүктүү эптеп иштеп директорлорго көз каранды мугалимдер көп болсо, өз алдынча иштеп мектеп директорлору менен теңме-тең иштеген мугалимдерге караганда жакшы болот эмеспи. Бул жерлерде окуунун сапаты экинчи орунга чыгып, биринчи орунга мектеп директорлорунун жеке кызыкчылыгы чыгып калат.
Конкурс аркылуу тандап алуу системасы киргенден кийин 966 мектеп директору иштен алынат. 5 жылдан ашык иштеген 966 мектеп директору кызматынан алынып, кайра конкурс аркылуу шайланабы? Мунун кандай айырмасы бар? Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, мындан ары директорлор ар беш жыл сайын сынактан өтүп турат:
"Жогорку Кеңештин депутаттарына, жогорку окуу жайлардын ректорлоруна беш жылдык мөөнөт берилип жатпайбы. Андыктан директорлор беш жылдык мөөнөттө өзүнүн ишин толук көрсөтө алат. Учурда өлкөдө беш жылдан ашык иштеген 966 мектеп директору бар. Жакшы иштеп жаткан директорлорго тоскоолдук болбойт, конкурстан өтсө кайра ордуна дайындала алат", — деди Бейшеналиев.
Ошондой эле ал иштегенине беш жыл боло элек 1200 мектеп директоруна мөөнөтү келгенде конкурс өтө турганын кошумчалады. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык баштапкы, негизги жана жалпы орто билим берүү уюмдарынын (мындан ары – жалпы билим берүү уюмдары) жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө багытталган кадр саясатын ишке ашыруу, билим берүү чөйрөсүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо системасы киргизилсин.
Жакында Акылбек Жапаровдун айтымында, жакын арада министрлер кабинетинде документке кол коюлуп, ага ылайык жетекчилер аттестациядан өтүшү керек. Жаңычыл мамиле жасаган жетекчилер гана мурдагы кызматтарында калат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров минтип айткан: «Документке кол коебуз, баарын штаттан чыгарабыз, аттестация өткөрөбүз. Жаңычыл көз караштагы адамдар алынат. 20-30 жылдан бери иштеген мектеп директорлоруна ротация болот. Иштелип чыккан өлкөлөрдө бир директор 5-6 мектепти жетектейт. Эгерде алар профессионал болсо, анда силер да ошондой иштесеңер болот. Мындай механизмдерди карап жатабыз».
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg