www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кытайлар бекеринен бир нерсени айтпайт, эгер айтса, анда эч убакта андан кайтпайт», - деди бүгүн, 9-февралда NazarNews маалымат агенттигине Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиев.

- Жамин агай, президент Кытайга болгон иш сапары жемиштүү болдубу?

- Президенттин Кытайга жасаган 3 күндүк сапары жемиштүү болду деп айтсак эч жаңылышпайбыз. Кытайлык досторубуз бекеринен бир нерсени айтпайт, ал эми эгер айтса, анда эч убакта андан кайтпайт. Биринчиден, темир жол куруунун төбөсү көрүнүп калды.

Жол деген бул экономиканын кан тамыры болуп эсептелет. Жол курулса биздин алыскы аймактарыбыз өсө баштайт, турмуш оңолот, соода-сатык башталат жана карым-катнаш күчөйт. Республикабыздын территориясынан тынымсыз өтүп жаткан жүк ташуудан биздин казынага миллиондогон доллар түшөт.

Экинчиден, Кыргызстанды өнүктүрүү максатында Кыргыз-Кытай инвестициялык фонд түзүлмөй болду. Анын жалпы көлөмү бир миллиард долларга жетмекчи. Мындан тышкары айыл чарбасы, энергетика жана маданият тармактары боюнча натыйжалуу долбоорлорго кол коюлду.

Ошондой эле биздин өлкөгө Кытай мамлекети 50 млн юань өлчөмдөгү грант түрүндөгү жардам бермей болду. Элдин ден соолугуна байланышкан дагы бир иш, 6 млн эли бар Кыргызстанга коронавируска каршы 5 млн доза вакцина бермей болду.

Эми жетишилген келишимдердин аткарылышы биздин өзүбүзгө байланыштуу. Президент сүйлөшүп келди деп, баарыбыз чалкабыздан жатып алсак эч нерсе чыкпайт. Жогоруда айтылган долборлордун ишке ашышына тийиштүү мамлекеттик мекемелердин жана жалпы коомчулуктун түздөн түз катышуусу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости