www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мадумаров баш болуп, өтпөй калган талапкерлер утулуп калганына чычалап жатышат. Мындай пикирди легендарлуу парламенттин депутаты, академик, Жамин Акималиев  “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.

--“Мадумаров баш болуп, өтпөй калган талапкерлер утулуп калганына чычалап жатышат. Алар жок дегенде 10-15 пайыз менен добуш алабыз деп ойлошкон. Тилекке каршы алар ойлогондой болгон жок. Алар чычалабай эле коюшсун. Сындаганда дагы алар туура эмес айтышууда. Жалпы жолунан шайлоо таза жана атаандаштык негизде тынч өттү. Эл шайлоого 36-37 пайыз эле келгени менен алар өз каалоолору менен катышканы байкалды. Эл чыныгы демоктратиянын баркын көтөрүштү. Алданбай таза шайлоо болгону келечектин жакшы нукка түшкөнү. Эч кандай административдик ресурс  колдонулган жок. Утулуп калган талапкерлер тирешүүнү токтотуп, өлкөнү өнүктүрүүгө жардам беришсин”,- дейт Акималиев.  

 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости