www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1993-жылы "Камеко" корпорациясы менен келишимдин түздөн-түз күбөсү легендарлуу парламенттин депутаты, академик Жамин Акималиев "Кумтөр" долбоору башынан эле пайдасыз болгонун ырастады.
Академиктин айтымында, ошол учурда эле алдыдагы келишим боюнча тынчсызданган пикирин билдиришип, кен байлыкты иштетүүгө кол коюга каршы чыккандар көп болгон.
"Мен анда легендардуу парламенттин депутаты болгом. Талкууларда мен, Турдакун Усубалиев жана башка бир катар депутаттар кен байлыкты иштетүүгө каршы чыкканбыз. Ошол учурда эле иштетүүчүнүн жана өкмөттүн ачык-айкындуулугуна жана экологияга байланыштуу олуттуу кооптонуулар болгон. Бирок, айтылган сын-пикирлерге карабай ошондогу президент Аскар Акаев келишимге кол койгон. Мына бүгүн Акаевдин жеке өзүмчүлдүк максаттарды көздөгөнү ачык-айкын болуп отурат", - деди ал.
Акималиев сөзүн улантып жатып Акаев бийликтен алынгандан соң кийинки президент Бакиев жаңы келишим менен Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" үлүшүн таптакыр азайтып салган. Өндүрүүчү компания өзүнүн пайдасына чечим чыгаруу үчүн биздин президенттерге жана бардык жетекчилерге пара берүү жолу менен сатып алып келген. Акаев пайдасыз келишим түзгөн, Бакиев келишимди карап чыгып, мамлекеттин үлүшүн таптакыр азайткан, Атамбаевдин учурунда премьер-министр Сапар Исаков бир нече миң гектар жерди өндүрүүчүгө берген. Башкача айтканда бул кылмыштуу уюм – мафия болгон", - деди Акималиев.
Булак: NazarNews.kg