www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук илимдер академиясынын академиги, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Жамин Акималиев Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун ишмердүүлү боюнча пикирин билдирди:
"Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков өзүнүн "укасы", дыйканчылык институтунун директору Биржан Усубалиев менен бирге кезектеги өздүк көркөм чыгармасын жарыялады. Сары-Өзөн Чүйдө жер калбай калгансып булар эми кант кызылчасын Көлдүн кылаасына себишмей болушуптур. Ал максатта "илимий" тажрыйба жүргүзүлүп жаткан имиш. Жыйынтыгы 2-3 жылда чыгат экен. Бул эми акылга сыйбаган иш да. Чүй өрөөнүндө быйылкы жылы 14 миң гектар жерге эле кызылча эгилди. Мындай аз аянт менен которуштуруп айдоону толугу менен өздөштүрсө болот. Анткен себеби, Чүй облусунда 420 миң гектар айдоо жери бар, анын ичинен 265 миң гектарын суу басат. Мурда Чүй боорунда биз 40 миң гектарга чейин кант кызылчасын айдачубуз. Ошондо дагы илимдин жана өндүрүштүн алдыңкы ыкмаларын кеңири пайдаланып, түшүмдүүлүк боюнча Советтер Союзунда биринчи орунду ээлегенбиз. Натыйжада кумшекер менен өзүбүздү гана эмес бүткүл Орто Азияны камсыз кылып келгенбиз. Канттын баасы текейден арзан болчу. Эмне үчүн ошол эле жерлерден жакшы түшүм алып, Кыргызстанды кумшекер менен толук камсыз кыла албайбыз? Себеби Жаныбеков эртеден кечке массалык маалыматтардан булбулдай сайрап актанат жана талаага таптакыр чыкпайт. Ак көйнөгүн кийип алып эле конторасында олтурат, же болбосо чет мамлекеттерде жүрөт.
Биз, илимпоздор мындан 40 жыл мурун эле кант кызылчасын Ысык-Көлдүн шартында сээп көргөнбүз. Биринчиден ал жерде бул маанилүү өсүмдүк үчүн өсүү (вегетациялык) мезгил жетишпейт. Кызылча жакшы бышыш үчүн 185-190 жылуу күн керек. Андай шарт Сары-Өзөн Чүйдө бар. Ошон үчүн берекелүү Чүйдү кант кызылчасынын Ата Мекени деп коёт. Бул касиеттүү жерден бекеринен Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова жана бир жолку баатырлар Керимбүбү Шопокова менен Күлсара Сулайманова чыккан эмес. 80-жылдарда биз түшүмдү Көлдөн Чүйгө 300 километрге чейин ташып келгенбиз. Жыйынтыгында алынган түшүм өзүн актай алган эмес. Ал эми Көл жээгине кант заводун куруш – бул чыккынчылыкка барабар. Себеби кант заводу – бул өтө зыяндуу өндүрүштүн катарына кирет. Кызылчадан дефекациялык ылай, патока жана жомдон коркунучтуу калдыктар чыгат, аларды канчалык жакшы сактасаң дагы, Көлдүн жери эңкейиш болгон үчүн жүрүп-отуруп Көлгө куят. Андай учурда Көл булганып андагы балыктар толугу менен жок болот. Бул адамга дагы түздөн-түз зыян келтирет.
Айтайын дегеним, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков "бөйрөктөн шыйрак" чыгарбай, жер менен жана эл менен тыгыз иштесин. Ал эми чыркыраган чындыкты айтсак, бул министрди башка жакка которуштуруп айдап, ордуна айыл чарбасын "семечкадай" чаккан адисти алып келүү талапка ылайык болуп турат.
Касиеттүү Ысык-Көлдүн шартында өстүрүлүп, элге пайда келтирүүчү өсүмдүктөр болуп – буудай, арпа, эспарцет, беде, картошка, алма, алмурут, өрүк, малина, карагат жана кулпунай болуп эсептелет", - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg