www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутууга» шектүү катары кармалган Даниел Ажиев психиатриялык диспансерге которулганы расмий тастыкталды.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдиргендей, Ажиев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 3-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан диспансерге жөнөтүлгөн. Муну Ажиевдин туугандары да «Азаттыкка» билдиришкен.

Анын жакындары тергөө алкагында милициядан Ажиевдин психикалык саламаттыгын соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүүнү талап кылышкан.

Экспертиза «Ажиев психикалык жактан дарыланууга муктаж» деген корутунду чыгарган. Ага байланыштуу учурда Ажиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, экспертизанын корутундусу сотко берилген.

Белгилей кетсек, Ажиев 2020-жылдын март айында «Инстаграмдагы» баракчасына видео жарыялап, муктаждарга жардам таратканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөн. Ошондон кийин Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча шектүү катары кармалган.

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жол кырсыгына катышканын Ажиев бир канча жолу Интернетке жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости