www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Карабактагы атышуу учурунда франциялык «Le Monde» гезитинин эки журналисти катуу жарадар болду. Алар аймактагы окуяларды чагылдырыш үчүн Мартуни шаарына барышкан. «Le Monde» гезитинин башкы редактору Люк Броннер жарадар болгондордун бири гезиттин кабарчысы, экинчиси фотограф экенин айтты.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Тышкы иштер министрлиги жараланган журналисттерди өлкөгө алып келиш үчүн ишти баштаганын 1-октябрда билдирген.

Ал эми Евробиримдиктин саммитине катышуу үчүн Брюсселге келген Макрон: «Медициналык учак учууга даяр турат. Биз жарадарларды алып келүүдөн мурун, алардын абалын турукташтырууга бардык аракетти көрүп жатабыз», - деп билдирди.

Бирок дүйнөлүк коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак аймагынын бийлиги оор абалдагы француз журналисттерге жергиликтүү дарыгерлер операция жасашканын, алар Армениянын борбору Ереванга жеткирилерин маалымдады. Ал эми Армениянын Тышкы иштер министрлиги болсо франциялык кабарчылар менен бирге дагы эки армян журналисти жарадар болгонун билдирип, бул үчүн Азербайжан тарапты күнөөлөдү.

Азербайжандын бийлиги акыркы окуя боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшүп келген Тоолуу Карабак аймагындагы абал 27-сентябрдан бери курчуп, атышуу уланууда. Кагылышуудан улам 100дөн ашык адам, анын ичинде жайкын тургундар мерт болгону кабарланууда. Тараптар бири-бирин чатакты ырбатканы үчүн айыптап жатышат.

Буга чейин БУУ баштаган эл аралык уюмдар жана бир нече өлкө кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салыш үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган. Эл аралык коомчулук бул чатак башка өлкөлөр аралашкан аймактык согушка айланып кетет деп чочулап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости