www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал дагы эле курч болуп турат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев 2-октябрда билдирип, мындай жагдайга адамдардын ооруну кенебегендиги себеп болуп жатканын айтты.

«Азыр Баткен облусунда оору көбөйүп жатканын байкап жатабыз. Ушундай эле абал медиктердин арасында байкалат. Буга массалык топтолуу жана социалдык аралыкты сактабай калуу себеп болууда», - деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда 2-октябрга карата 215 адамдан коронавирус табылды. Бул соңку бир жарым айдагы эң чоң көрсөткүч.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47056 ​кишиге жетти. Алардын 43 137си сакайып, 1065и жашоо менен кош айтышты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости