www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмилбек Кимсанов чын эле сабалганбы? ЖАМКнын жообу

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов "тергөө абагында сабалды" деген маалымат жалган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Самат Калыков NazarNews.kgге билдирди. Анын айтымында, 13-апрелге караган түнү «Эмилбек Кимсановдун өмүрүнө коркунуч туулду» деген маалымат чыгаары менен ЖАМКтын атайын тобу барып, анын абалынан кабар алып келген.

«Биздин атайын ыкчам топ барып, Кимсановго жолугуп келди. Ал өз колу менен түшүнүк кат жазып бериптир, анда эч кандай коркутуп-үркүтүү, кол көтөрүү болбогонун, эч кимге доосу жок экенин жазып берген. Тергөө абагынын коридорлорунда түнү-күнү камералар онлайн тартипте иштейт», - деди Самат Калыков.

Эске сала кетсек, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсанов 13-апрелге караган түнү сабалганы тууралуу анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Анын айтымында, түнкү саат үч чамасында атын атагысы келбеген бирөөлөр телефон аркылуу Эмилбек Кимсанов камалып турган камерага үч киши киргизилгенин, анын өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын билдиришкен.

«Мен ЖАМКтын нөөмөт бөлүмүнө чалсам, «иш убактысы бүткөнүнө байланыштуу текшерүү жүргүзүлбөйт» деп жооп беришти. Анда тергөө абагынын нөөмөтчүлөрү эмнеге отурушат? Мамлекет Кимсановду абакка камаган соң, анын коопсуздугуна жана саламаттыгына да жооп берүүгө тийиш»,- деп белгилеген адвокат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости