www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камактагы уулу Кадырбек Атамбаев тарабынан айтылган кыйноо, күч колдонуу жана психологиялык басым тууралуу дооматтарды четке какты.
Мекеменин маалыматына ылайык, тергөө абагында кармалгандарга карата бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде жүргүзүлөт жана адам укуктары так сакталат. ЖАМК ар бир кармалган адам медициналык кароодон өтөрүн, алардын ден соолугу дайыма көзөмөлдө болорун билдирди.
Ошондой эле мекеме тарабынан айтылгандай, азыркыга чейин Кадырбек Атамбаев тарабынан денесине зыян келтирүү же кыйноо фактылары боюнча медициналык кызматтарга же администрацияга расмий кайрылуу түшкөн эмес. Камераларды текшерүү, тинтүү жана режимдик көзөмөл сыяктуу иштер коопсуздукту камсыздоо максатында мыйзамдын чегинде жүргүзүлөрү белгиленди.
ЖАМК ошондой эле анын ишмердүүлүгү Айкыйкатчы институту жана прокуратура сыяктуу көзөмөл органдары тарабынан үзгүлтүксүз текшерилип турарын кошумчалады.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тергөө абагында отурган уулу Кадырбек Атамбаев өткөн аптанын соңунда ачык кайрылуу жасаган. Анын катын карындашы Алия Шагиева өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялаган.
Ал уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы жоктугун, курал-жарак сактаган жайлары болбогонун, ойдон чыгарылган жалган айыптардын жана негизсиз шектенүүнүн натыйжасында абакта отурганын жазган. Кадырбек Атамбаев атасы Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө басым көрсөтүү үчүн аны "барымтага" алышкан деп эсептейт.
Анда ал:
— Кош стандарттар баарына эле көрүнүп турат. 75 адамга байланыштуу кылмыш иши боюнча тергөө бир айда аяктады. Ал эми Атамбаев менен Темирлан Султанбековго байланыштуу иш боюнча тергөө жети айга созулду. Мен муну тарыхый чоң адилетсиздик деп эсептейм. Мен Максим Бакиев же Айдар Акаевдей эмесмин. Банк ачкан эмесмин, бизнести рейдерлик жол менен басып алган эмесмин, эл аралык мафиянын акчасын адалдаган эмесмин, инвестициялардан же бажы тармагынан пайда көргөн эмесмин",-деген жүйөлөрүн айткан.
Ошентип, тараптардын билдирүүлөрү бири-бирине карама-каршы келип, коомчулукта бул иш боюнча талкууну күчөттү.