www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясынын «Жаш жубайлардын дарак отургузуусу» деген долбоору, бак отургузуп шаарды жашылдандырууга салым кошсом деген мекенчил жарандырдын дагы көңүлүн кайт кыла турган жосунсуз жорук болуптур. 

Албетте, сыртынан караганда шаарды жашылдандыруу жана жаш үй-бүлөлөрдү тарбиялоо идеясы сыяктуу угулат. Бирок иш жүзүндө бул демилге жөнөкөй жаранды тарткан социалдык программа эмес, акча төлөтүп, бюрократияга батырган татаал схемага айланып калган.

Дегенибиз, долбоорго катышууну каалаган жубайлар толгон токой машкаттан өтүп, мэриянын акылга сыйбаган талаптарын, эрежелерин аткарууга тийиш.

Алгач сайтка кирип катталып, жер тандап, анан көчөт үчүн 7 800 сомдон 15 500 сомго чейин акча төлөшү керек. Бул көрүнүш “дарак отургузуп шаарды жашылдандырып табиятка салымыңды кош" деген чакырык эмес, “акча төлө, келе акча” деген догурунган бетпактык.

Муниципалитет өзү жасашы керек болгон ишти жарандардын мойнуна жүктөп жатканы аз келгенсип, шарт түзүп бергендин ордуна, жакшы саамалыкты акча табууну көздөгөн коммерциялык форматка айлантып койгон.

Эң көйгөйлүүсү — жөнөкөй ишти да бюрократияга айландырып,  сайтка катталуу, макулдашуу, QR-төлөм, эмне отургуза турганына уруксаат алуу сыяктуу процесстер жаранды кызыктыруунун ордуна чарчатат. Мындай система жаш үй-бүлөнү мотивация кылбайт, тескерисинче иренжитет.

Шаарды жашылдандыруу мэриянын, муниципалитеттин  милдети. Булар жарандардан акча чогултуп ишке ашырабыз деп соодагердин чапанын жамынып, кызыл кулактык кылып жатышат. Эгер мэрия өзүнүн түз милдетин ушундай саясатка айландырса, анда бул жоопкерчиликтен качкан нигилизм болуп саналат.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жетектеген шаардык саясат ушул формада уланса, анда “жашыл шаар” деген ураан реалдуу жашылдандырууну чагылдырбайт. Мындай көрүнүш мэр Айбек Жунушалиевдин катардагы курулай опулдаган пиарынын деңгээлинде ара жолдо калат. Ишке ашпайт. 

Негизги маселе — идеянын өзү эмес, аны ишке ашыруунун ыкмасы баарына жөнөкөй, жеткиликтүү болушунда. Азыркы формада бул демилге жаранды тарткан долбоор эмес, жаранды чыгымга түрткөн жана шаардык милдетти коомго жүктөгөн система катары көңүлдү айнытып, кускуну келтирет. 

Дегенибиз, мэр Жунушалиев жакшынакай бак-дарактарды ар кандай шылтоолор менен кыйып, талкалап, анан жашылдандырууну элге артып жатканы акылга сыйбайт.

Последние новости