www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖАМКга медициналык каражаттар берилди

Бүгүн, 7-декабрда “Сорос-Кыргызстан” фонду Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) медициналык багыттагы буюмдарды, дезинфекциялоочу каражаттарды жана дары-дармектерди берди. Бул тууралуу ЖАМКдан билдиришти.

Тапшыруу аземине ЖАМК төрагасынын орун басары Рахат Жапаров, Сорос-Кыргызстан” фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов, Коомдук саламаттык сактоо программасынын директору Айбек Муканбетов катышып, өз ара кызматташуу маселеси талкууланды.

Аталган иш-чара Кыргызстанда COVID-19га каршы туруунун жана КР өкмөтүнүн коронавирустук инфекцияга каршы аракеттенүү ишинин алкагында болуп, жалпы суммасы 5 492 600,00 сомду түздү.

Эске сала кетсек, “Сорос-Кыргызстан” фонду ЖАМКга август айында да 67 000 долларга медициналык каражаттарды берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости