www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирусту алдын алуу жана анын таралышына бөгөт коюу максатында ЖАМКнын төрагасынын 2020-жылдын 16-мартындагы Тескемеси негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдында ЖАМКнын ведомствого караштуу бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аймагында коронавирусту алдын алуу жана анын таралышына бөгөт коюу боюнча ыкчам штаб түзүлдү (жетекчи – полковник Кадыров А.С.). Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

ЖАМКнын Ыкчам штабы тарабынан коронавирусту алдын алуу жана анын таралышына бөгөт коюу боюнча иш-чаралар планы, инфекцияны алдын алуунун толук алгоритми иштелип чыгып, таратылды жана ошондой эле кызматкерлер жана атайын контингент арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Төмөнкүлөргө тыюу салынды:

- ЖАМКнын Борбордук аппаратында, түзүмдүк жана ведомствого караштуу бөлүктөрүндө маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө;

- кызматтык иш-сапарларга чыгууларга(ЖАМКнын жетекчилигинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен өзгөчө учурлардан тышкары);

- ЖАМКнын бардык кызматкерлерине, аскер кызматчыларына жана жумушчуларына кызматтык жана жеке маселелер боюнча чет өлкөгө чыгууга, анын ичинде өргүүдө жүргөн учурларда да;

- атайын буйрукка чейин соттолгондорго жолугушуу берүүгө;

- соттолгондордун сырттан келүүчү посылкалар аркылуу бат бузулуучу азык-түлүктөрдү алуусуна (дары-дармектен, гигиена каражаттарынан тышкары).

Мындан тышкары, соттолгондорду жана соттолуучу адамдарды жерден-жерге ташыганга убактылуу чектөө салуу каралууда.

Ар күнү, эртең менен жана кечинде ЖАМКнын бардык мекемелеринде тийиштүү дезинфекция иш-чаралары гипохлатита-кальциясын колдонуу менен жүрүп турат. Бүгүнкү күндө ЖАМКнын мекемелеринде жалпысынан - 9 597 адамдар кармалууда (соттолуучулар жана соттолгондор).

ЖАМКнын медициналык кызматынын түзүмүндө 13 медициналык- санитардык бөлүк, 4 ден соолукту чыңдоо пункту жана 535 орунга ылайык 2 стационарных дарылоочу мекеме (№31 жана №47), өздүк курамга жана алардын үй- бүлөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүүчү бейтапкана/госпиталь бар.

ЖАМКнын мекемелериндеги медициналык бөлүмдөрүндө жана бейтапканаларында коронавируска шектүү адамдарга байкоо салуу үчүн палаталар даярдалды.

Ошондой эле, кызматкерлер үчүн ЖАМКнын ооруканасында дагы атайын палаталар даярдалды.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында дезинфекциялык каржаттар, коронавирустун белгилерин айыктыруу үчүн дарылар, антибиотиктер, жөтөлгө каршы дарылар жана витаминдер жетиштүү санда бар. ЖАМКда борбордук базанын запасында кальций гипохлорид жана медициналык маскалар бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости