www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Жанар Акаев кесиптештеринен көз карандысыз маалымат каражаттарын – Азаттык, Kaktus.media жана Kloop сайттарын каралоону токтотууну талап кылууда. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал Конституцияга ылайык, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, парламент маалымат каражаттарын жабууга уруксат берген мыйзамдарды кабыл ала албастыгын эске салды.
"Акыркы күндөрү биздин айрым кесиптештерибиз жана жарандык коомдун өкүлдөрү "Азаттыкты", "Клоопту" жана "Kaktus.media" сайттарын каралап, аларга бут тосуп жатышат. Биз сөз эркиндиги бар экенине сыймыктанабыз, мындай демилгелерди токтотушубуз керек деп дайыма айтып келебиз. Ар ким өзүбүздүн жумушубузду жасашыбыз керек. ММК каякка кеңсе ачат, ким тарабынан, канча кадр алынганы бизге тиешеси жок. Биз анчалык төмөн деңгээлге түшпөшүбүз керек! ММКларды каралап, элди адаштыруунун кереги жок", - деди Акаев.
Урматтуу депутаттар, буга чейин төрт президент көз карандысыз маалымат каражаттарын жапкысы келген. Алар азыр кайда? Жок, айрымдары чет өлкөдө качып жүрүшөт. Бийлик убактылуу. Аткаминерлер кызматтан кеткенден кийин, алар бул ЖМКлардын босогосун сагаалап, пикирин билдирүүнү каалашкандарды көргөм. КТР сыяктуу мамлекеттик каналдар бийликте турганында гана чыгара алат. Алар убактылуу. Андыктан муну токтотолу!
"Тажикстандын Кыргызстанга басып кириши учурунда маалымат согушунда ушул көз карандысыз ММКлар, блогерлер ишке жарады. А сиздер рахмат деп да айткан жоксуздар. Бул үч басылмада кыргыздын калыс, абийирдүү, чынчыл жигит-кыздары иштешет. Келгиле, жарандарга суроо берели: "депутаттар мандатынан баш тартышы керекпи же бул ММКларды жабуу керекпи?", деп, көрөлү, алар эмне деп жооп беришет”, - деди Акаев.
Эске салсак, анын алдында депутат Надира Нарматова Азаттык, Kaktus.media жана Kloop сайттарын жабууга кол топтой баштаганы белгилүү болгон. Көптөгөн кесиптештери ал аларга кайрылып, кол коюуну суранганын ырасташты, бирок ал өзү бул маалыматты четке каккан.
Булак: NazarNews.kg