www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн 2019-жылы ЖК депутаттары Эльвира Сурабалдиева менен Жанар Акаев социалдык тармакта төмөнкүчө айтышкан.
Жанар Акаев: - Мен төрт жылдан бери эле коррупция, саясый камоолор боюнча туруктуу бир позицияда келатам. Бир базарчы коллегам финполдун замына бир суроо берип, мактанат. Камоолор, соттошууларда кайда элең деген киши жок. Майда чиновниктерге асылбай, системага тийишсең деп койсом таарынып калыптыр, деп жазган Твиттер баракчасына.
Ага жооп катары Эльвира Сурабалдиева, “Орозо маалында, ачууга салбайын. Кадыр түн да экен. Кечээ мен да каттуу кеттим. Жанар Акаев намыстанып кетсе керек. Бирок базарда иштегендерди киши катары санабаган туура эмес – алар да биздин жарандар. Заман оомал-төкмөл болот, бийлик жана байлык бул чоң сыноо, көтөрө билиш керек”, деп жазып чыккан эле.
Бул эки жаш саясатчынын социалдык тармак аркылуу улак тирешүүсү өткөн 2019-жылы 3-июнда болгон. Арадан бир жыл өтүп өтпөй экөө бойлошуп бир партиядан чыга келди. Үлкөн саясатчыларга сын-пикир айткан болушат "акаевчил-бакиевчил", деп...өзгөрүүнү өзүңөрдөн баштасаңар жакшы болмок...
Булак: NazarNews.kg