www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жанар Акаев «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасындагы айрым коррупцияга шек жараткан, шалаакылык фактыларды айтып чыкты:

«Өлкө экономикасынын локомотиви болгон Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасын билесиздер, бир кездерде бюджеттин капчыгын толтурган ишканалардын бири болчу, а бүгүнкү күндө мышык ыйлай турган абалда, азыр банкроттук абалга кептелип отурат. Ишкана канчалык итке минген сайын, тармакты башкарган жетекчилер башын жерге салып уялгандын ордуна, темир жолду жеке менчик ишканасындай пайдаланып жатат, элге эмес, өздөрүнө. Алмазбек Ногойбаев жетектеген бул ишканадагы коррупциялыкүч эле фактыны айтайын.

1) Кыргыз-орус фондунан Кыргыз темир жолу ишканасы 8 миллион 380 миң доллар насыяалып, январдын аягына чейин иштей баштайт деген 150 вагон, мына февраль аяктап баратат, бүгүнкү күндө да жүздөн ашууну келеэлек. Анын болгону кыркы келди азыр, анын да онго жакыны талапка жооп бербеген эскитетиктер менен келген. Кырк вагон тең тендердин талабына жооп бербейт. Мына, менин колумда башкы инженер Лиличенконун колу коюлган тастыктоочу документтер турат. Бул вагондорду  ортомчу казак фирмасы аркылуу сатып алуу келишими түзүлгөндө эле, чоң күмөн жаралган. Ошол кооптонуубузду тастыктап, ушул күнгө чейин Жалал-Абадга вагондорду толук жеткизе элек, качан жеткирээри да белгисиз. Келишим боюнча келишимди аткарбаган тарап, 001 % штраф төлөш керек болчу. Бүгүнкү күндө ал сумма миллиондорду чапчып кетти. Темир жолдун жетекчилигинин шалаакылыгын артында, казак фирмасына айып пул салына элек. Бул жерде коррупциялык макулдашуулар кашкайып көрүнүп турат. Вагондордун баары убагында келгенде, канча деген жүктөр ташылып, бюджетке далай акча түшмөк, бул деген кредитке алынган акчалар, эми жоготулган чыгымдарды ким толуктайт? Бул бир.

2) Экинчиден, Темир жолдун башчысы Ногойбаев жакында Өзбекстандын бизге болгон 1 миллион 849 миң Швейцария франкын, карызын кечип жиберди. Бул деген 137 миллион сомдой каражат болот. Эмне бул каражаттар биздин бюджет үчүн ашыкча болуп калдыбы? Өкмөт балдарга жөлөк пул берели десек акча жок дейсиңер, мектеп куралы, оорукана куралы десе акча жок дейсиңер, мына бул аракчаныкандай пайдаланып жатканын көрүп алгыла.

3) Ушул эле Ногойбаев башкарган кыргыз темир жолу ишканасына тиешелүү жерге Ногойбаевдин өзүнүн кызынын фирмасына үч кабаттуу мейманкана куруп, иштетип жатат. Бул мейманкананы Эсеп палатасынын аудиторлору мыйзамсыз курулган деп тапкан. Бирок азырга чейин камаарабай иштетип жатат. Мына менин колумда Эсеп палатасынын актысы, кызынын атына катталган документтер турат. Ошол эле маалда кызынын жеке менчик фирмасы темир жолго тиешелүү иштердин баарын аткарып, темир жол болсо жумушсуз отурат", - деди эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости