www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев алгач КСДП менен парламентке бир кадам алдыга таштаган. Анан эле Жанар мырзанын таштаган кадамы жанындагыларга жакпай, союздаштары четке түртүп салганы жалпыга дайын.
Бирок, "ачуу чындыкты айта берем" деп, көкбеттикке алган Жанар Акаев, айрым аткаминерлерди чымчылап, туздап, кээ бир учурларда калемпирден ооз тийгизип турат.
--"Кыргызда "уяттуу кишилер" оголе көп экен, Атамбаев бир аз алдан тайганда "мен ошондо эле туура эмес баратасыз" деп айткам дегендер көбөйдү. Мен укпапмын, качан айттыңыз эле десем, "коллегалар чай ичип отурганда ачык эле айткам, сен жок болсоң керек эле" дешет. "Банядагы баатырларга" эмне дейбиз, ден-соолук каалап коелу. Кыргыз саясаты болуп көрбөгөндөй майдаланып кетти, аттиң", - деп жатат ЖК депутаты Жанар Акаев.
Баса, Жанар Акаев жакынкы аралыктарда КТРКга Илим Карыпбековдун ордуна "башчылыкка" барып калышы күтүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg