www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Ак үйдүн 7-кабатындагы азыркы саясий кырдаал Фарид Ниязовду кызматтан кетүү тууралуу арыз жазууга жеткирди деп эсептейт. Ал Сооронбай Жээнбековдун Фарид Ниязовдун арызын кабыл албаганын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экөөнү кайраштырган күчтөрдөн чочулаганы менен түшүндүрдү:
- Азыр аппаратта Фарид Ниязовдун мурдагы президенттин тушундагыдай таасири жоголгон. Ниязов деле жаңы президенттин командасына, келген кеңешчилерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк бериш керек экенин түшүндү окшойт. Анын таасирин азайтуу аракети болду да, ошон үчүн ал "кетип эле калсаң жакшы болот" деген ишаратты сезди. Президент Жээнбеков бул окуядан улам “Жээнбеков-Атамбаев тиреши башталды" деген ушак күчөп кетпеши үчүн Ниязовду ордунда калтырды окшойт. Экөөнү каршылаш койчу күчтөр жок эмес, бирок Жээнбеков андай кадамга барбаса керек.
Жанар Акаевдин пикиринде, коомчулук Сооронбай Жээнбековдон кадрдык жүрүштөрдү күтүп жатат.
- Мен Фарид Ниязовдун саясий жолун мактай албайм, бирок иштерман, коррупциядан алыс адам экенин билем. Кызыгы анын кызматтан кетиши тууралуу жаңылыкты Интернет коомчулугу абдан кубаттап кабыл алды. Бул болсо учурда коомчулук жаңы президенттен өзгөрүүнү, жаңыланууну, кадрдык саясаттагы жүрүштөрдү ушунчалык чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирет. Эл жаңы президент коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү эски команда менен жүргөзө албай турганын сезип турат. "Буга чейин Коопсуздук кеңешинде сынга алынган күч органдарынын жетекчилери да алмашса жакшы болмок" деген пикирлер да арбын. Фарид Ниязов кызматтан кетсе, президенттин купулуна толбогон башкалары да анын жолун улантабы деген ой болду. Азыр коомчулук айрым кошуна өлкөлөрдөгү батыл реформаларды, кадрдык чечкиндүү кадамдарды көрүп жатат. Бизде да ошондой реалдуу кадамдарды күтүп жаткан кези - деп жазып чыкты "Азаттык".
Булак: NazarNews.kg