www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Бишкекте №47 абакта ачкачылык кармап отурган үч саясатчынын абалы тууралуу маселе көтөрүп, парламент аларга көңүл бурушу керек экенин билдирди.

Ачкачылык кармап отурган оппозиция өкүлдөрү менен жолугуп чыкканын, алардын бири Бектур Асановдун абалы оор экенин айткан Акаев күч органдарындагы мамилени сындады:

- Күч органдарына президент өз баасын берди. Нормалдуу мамлекеттерде президенттин ишениминен кеткен органдардын жетекчилери, президенттин ачык айткан сынынан соң иштен кетиши керек эле. Бирок алар отурушат. Андан тышкары, биздин коллегабыз Өмүрбек Текебаевдин буту, жүрөгү ооруп жатыптыр. Бир жумага дарыланууга чыгууга уруксат бербей жатышат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин жана сот адилеттүүлүгүн талап кылган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков ачкачылык кармай баштаганына эки жумадан ашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости